Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күнөө кылган кишиге карата уятсыз, абийри жок деп жек көрүү, наалат айтуу, тилдөө маанисинде колдонулат. Эми өлбөгөндө эмнең калды? Бетиң күйгүр! деди Мөлтөй Нөкөндү табалай берип (Ш.үмөталиев). В.: Бетиң тилингир. Нөкөн ...көйнөк, дамбалчан калыбында кара кунастай тарбалаңдап, Агыргайды качырды: – Тилиңе тибиртке, бетиң тилингир! Тилиңе тибиртке! (Ш. Үмөталиев).